Бүгүн 10-мартта саат 13:00дө К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинде КП-21,22жана КИЯ-21 тайпаларынын студенттеринин  Квалификациялык практикасынын  жыйынтык конференциясы болуп өттү. Конференцияда мугалимдик кесиптин ардактуулугу тууралуу слайд көрсөтүлүп, андан соң практиканттар сабактын ар бир фрагментинен үзүндү көрсөтүштү. Жыйынтыгында квалификациялык практикада мыкты көрсөткүчкө ээ болгон студенттер ректордун Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты. Конференцияга практиканттардан сырткары педагогикалык адистеги 1-курстун студенттери, методистер, методикалык кеңештин мүчөлөрү, колледждин администрациясы катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *