Социалдык-экономикалык дисциплиналар бөлүмү

Социалдык-экономикалык дисциплиналар бөлүмүнүн
башчысы: Сарбанова Арча Асангазиевна.


Байланыш маалыматтары:
722200 Каракол шаары, Ю.Абдрахманова көч.130
ЫМУнун IV-окуу корпусу
Кабинет №215
Моб.тел: 0702260880
Эл.почта: kolledj2020@iksu.kg

Бүгүнкү күндө Социалдык-экономикалык дисциплиналар бөлүмүнүдө 13 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 1 э.и.к. доцент, 2 магистр, 10 окутуучу.

Социалдык-экономикалык дисциплиналар бөлүмүнүн даярдоо багыттары:

ЭКОНОМИКА БАГЫТЫ
Экономиканын ар кандай тармактарына конкуренттик күрөшкө туруштук бере турган региондук, жалпы республикалык жана дүйнөлүк экономикалык ишкердикти ийгиликтүү ишке ашыруучу, муктаж болгон жеке, жалпы профессионалдуу компетенцияларга ээ болгон экономика чөйрөсүндөгү каржы, салык салуу, экономика жана бухгалтердик эсеп адистиктерин даярдоо.

ТУРИЗМ БАГЫТЫ
Жаӊы муундун, универсалдуу жана кесиптик иш-билгиликтерге ээ болгон, туризм чөйрөсүндөгү жумуш берүүчүлөрдүн жана коомдун заманбап талаптарына шайкеш келген, эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Социалдык-экономикалык дисциплиналар бөлүмүнүдө төмөндөгү адистиктер даярдалат:

080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп” (тармактар боюнча) адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү адистикке ылайык квалификациялык талаптарда каралган бухгалтердик эсеп жана талдоо иштерин камтыйт, тактап айтканда, ар кандай ишканалардагы бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит тармактар.

080106 “Каржы (тармактар ​​боюнча)” адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери болуп уюмдун каржылык-чарбалык иш-аракеттери саналат;

100201- “Туризм” адистиги квалификациялуу орто деңгээлдеги адисти – туризм боюнча менеджерди даярдоо, туристтик кызматтар рыногунун маркетингдик изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн, кызыкдар жактардын – иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык өзүнүн жалпы жана кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү жолу менен, туристтердин пакеттерин жана экскурсиялык программаларын иштеп чыгуу жана каттоо, визалык колдоо көрсөтүү, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын жана аларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо жана талдоодо , ага ийгиликтүү иштөөгө жана эмгек рыногунда атаандашууга мүмкүнчүлүк берет.

080108 “Банктык иш” адистиги  кардарларды тейлөө, талдоо жана эсепке алуу коомдун керектөөлөрүн канааттандыруу, банк адиси катары ийгиликтүү иштөөгө, анын социалдык мобилдүүлүгүнө өбөлгө түзгөн универсалдуу жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болууга мүмкүндүк берет жана эмгек рыногундагы туруктуулук.

Студенттер  жумуш  берүүчүлөр  менен  кызматташуунун  алкагында  окуу, өндүрүштүк жана квалификациялык практикаларды өтүшөт. 

Студенттер атайын келишим менен Каракол шаарындагы “Компаньон банк”, “Дос Кредобанк, “Финансы Кредит Банк”, “Айыл Банк”, “Азия Банк” “Бакай банк”, “Капитал Банк”, “Бай Тушум “KICB” банктарында практикаларын өтөшөт.




Студенттер атайын келишим менен Каракол шаарындагы Туристтик маалымат борбору; Экотрек, Иссык-Куль Вояж, Ыссык-Ата, Жети-Огуз, Ак-Суу  курорторунда; “Альтамира”, “Ак-Марал”, “Карагат”, “Тагай Тай”, “Жекен”, “Караван”   мейманканаларында практикаларын өтөшөт.