Табигый математика жана техникалык дисциплиналар бөлүмү

 
 

Табигый-математикалык жана техникалык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы

Касым уулу Алтынбек

 

Байланыш: Каракол ш., Ж. Абдрахманов к., 130

IV корпус ЫМУ Кабинет №213 Тел: 0557305605

Эл.почта: kasymuulualtynbek@yandex.ru


«Табигый-математикалык жана техникалык » бөлүмү

« Унаада ташууну уюштуруу жана башкаруу» (күндүзгү, сырттан окуу) « Электр менен жабдуу» (күндүзгү, сырттан окуу)  , «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо» (күндүзгү, сырттан окуу)  , « Эсептоо техникасынын  каражаттарын  техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар » (күндүзгү ) , «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана ондоо» (күндүзгү, сырттан окуу) багыттагы адистиктерди даярдашат. .

Бөлүмдүн  кадрдык курамы

Бөлүмдүн курамында 9 окутуучу жана айкалыштырып эмгектенген 19 окутуучу эмгектенет, алардын ичинде  1 профессордун милдетин аткаруучу, 7 доцент, 4 ага окутуучу, 8 окутуучу   эмгектенет. Алардын ичинде  илимдин доктору   Зиялиев К.Ж. Эл аралык Инженердик академиясынын корреспондент – мүчөсү, КР Инженердик академиясынын академиги жана Аканов Д.К. КР Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү, Такырбашев А.Б. жана Токтакунов Ж.Ш.  Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиялык кеңешчилери болуп эсептелинет.