Колледж жөнүндө

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжи орто кесиптик билим берүүдө негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу структуралык бөлүм болуп саналат. 

Колледж алгач 2008-жылдын 27-декабрындагы Окумуштуулар Кеңешинин №4 чечими менен Финансы-экономикалык колледжи болуп түзүзгөндөн бери он жылдан ашуун убакыт өттү. 2009-жылы КР Билим берүү жана илим министирлигинин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укуктары боюнча лицензия берилгенден кийин Колледж экономика адистиктери боюнча орто кесиптик билими бар адистерди даярдай баштаган. Колледж заман талабына ылайык техникалык адистерди да даярдай баштагандыгына байланыштуу, 2013-жылдын 6-июнундагы ЫМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде Финансы-экономикалык колледж Техника-экономикалык колледж болуп өзгөртүлгөн. 2016-2017-окуу жылында педагогикалык жана башка багыттагы жаңы адистиктердин ачылышы менен Техника-экономикалык колледж К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжи болуп өзгөртүлдү. 

Колледждин негизги максаты – аймактын, ошону менен бирге бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жана бекемделишине татыктуу салым кошкон орто баскычтагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Студенттерге сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда, биринчиден, жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогикалык түзүм, экинчиден бардык кызматкерлердин биргелешкен иши экени шексиз. Бүгүнкү күндө колледждин педагогикалык жамааты 70 адамдан турат. Булардын арасында илимий даражасы жана наамы бар профессорлор, доценттер, ошондой эле өндүрүштүк көп жылдык тажрыйбалуу кызматкерлер бар. Булар менен эле катарлаш таланттуу, прогрессивдүү тенденциядагы жаңы идеяларды алып жүргөн жаш окутуучулар дагы эмгектенишет. 

Колледж уюшулгандан тартып 1000ден ашуун орто баскычтагы адистерди даярдап бүтүрдү. Мына ушул квалификациялуу адистерди даярдап бүтүрүү үчүн колледж заманбап материалдык-техникалык база, илимий бай китепкан фонду менен камсыз болгон, окуу процессине жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялары киргизилген. Мындан сырткары, колледжде окутууну жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн талапка ылайык лабороториялык класстар жана өнөрканалар, мыкты жабдылган дарсканалар бар.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи эмгек рыногунун талабына ылайык, өзүнүн кесибине эркин ээ болгон, кесиби боюнча ишине жөндөмдүү социалдык жана профессионалдык мобилдүүлүктө ар дайым профессионалдык өсүшкө даяр, квалификациялуу, тиешелүү деңгээлдеги компетенттүү адистерди даярдоону максат кылат.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи бүгүнкү күндө орто баскычтагы төмөнкүдөй адистиктерди даярдап чыгарат:

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча);
  • Банк иши;
  • Каржы (тармактар боюнча);
  • Салык жана салык салуу;
  • Маркетинг (тармактар боюнча);
  • Менеджмент (тармактар боюнча);
  • Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
  • Унаада  ташууларды уюштуруу жана башкаруу (унаа түрү боюнча аба унаасынан башкасы);
  • Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо;
  • Туризм;
  • Башталгыч класстарда окутуу;
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Чет тили;
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын

программалык камсыздоо;

  • Эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар;
  • Дизайн (тармактар боюнча);
  • Башкарууну документтик камсыздоо жана архив таануу;
  • Социалдык иш;
  • Бак-парктык жана ландшафттык курулуш;
  • Ветеринария;
  • Агрономия;
  • Ихтиология жана балык чарбачылыгы.

Учурдагы маалыматташтыруу жана санариптештирүү мезгилинин алкагында колледж бардык ишмердүүлүгүн санариптик (электрондук) маалыматтык жолго өткөрүү үчүн активдүү иш жүргүзүүдө, тактап айтканда, окутуу процессин башкарууну автоматташтыруу,  электрондук курстарды иштеп чыгуу, окутуу процессине электрондук окутуунун методдорун жана технологияларын киргизип жатат.

Студенттердин коомдошуусуна жана өзүн өнүктүрүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле активдүү жарандык позицияда тарбиялоо максатында колледж Ысык-көл обласындагы социалдык өнөктөштөр менен, башкача айтканда уюмдар жана кызматтар менен активдүү кызматташат[:]