Ички академиялык мобилдүүлүк: тажрыйба алмашуу жана билим берүү кызматташтыгы
2026-жылдын 19-октябрында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжине Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун колледжинен окутуучулар Жусупбекова Т.Ж., М.Б. Асанова жана «Башталгыч класстарда окутуу», «Чет тили» жана «Программалоо» адистиктеринде билим алган студенттер ички академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки жумалык окуу сапары менен келишти.
Иш-чаранын негизги максаты — эки билим берүү мекемесинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү.
Сапардын алкагында келген окутуучулар колледждин студенттерине конок лекцияларын өтүп, өздөрүнүн кесиптик билимдери, педагогикалык тажрыйбалары жана окутуунун заманбап ыкмалары менен бөлүшүштү. Конок лекциялар студенттердин билим деңгээлин кеңейтүүгө, жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Эки жумалык академиялык мобилдүүлүк программасынын жүрүшүндө студенттер өз адистиктери боюнча билимдерин

тереңдетип, жаңы окуу чөйрөсү менен таанышууга, тажрыйба алмашууга жана кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мындай демилгелер билим берүү мекемелеринин ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжи менен Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун колледжинин ортосундагы кызматташтык — сапаттуу билим берүүгө жана келечектеги адистердин кесиптик өсүшүнө багытталган маанилүү кадам!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *