Месяц: Ноябрь 2023

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинде КРнын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Эне тил жана Ч.Айтматов » аттуу үч айлык жарлыгынын алкагында иш чаралар уланууда. Бүгүн»Башталгыч класстарда окутуу», » Чет тили» адистигинин студенттери шаарыбыздагы «Ысык-Көл» кинотеатрынан «Жамийла» кино тасмасын көрүп келишти.

2023-жылдын 27-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Болочок мугалимдерди кесипке даярдоодону ɵнүктүрүүдɵ башталгыч билим берүүдɵгү инновациялык практикалар» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда Жалпы билим берүү ПЦК сынын окутуучусу Текебаева Г.М долбоордун программасы боюнча «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясынын негизинде жогорку деңгээлде мастер класс өттү. Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Э. Мамитимжанова жана Н. Исмаиловалар Окуу Керемет долбоорунун стратегияларынын негизинде жогорку денгээлдеги ачык сабактарын өтүштү. Сабакка райондук, шаардык Билим Берүү Башкармалыгы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынан жана USAIDдин “Окуу Керемет” долбоорунун Улуттук тренерлери катышып, баа беришти. Сабактар окутуучулар, студенттер үчүн дагы пайдалуу жана тажрыйбалуу болду.

20-сентябрь ЫМУнун “Толкун” маданий эстетикалык борборунда Web-developer курсун ийгиликтүү аяктаган студенттер үчүн сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Атталган Web-developer курсу үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында башталып 8 айга созулган. Бул аралыкта ITтармагын нөлдөн баштап жогорку деңгээлге чейин үйрөнө алышты. IT компанияларга иштеп кете ала турган баардык жөндөмдөргө ээ болушту. Замандын талабына жооп бере турган кесиптерди студенттерге бергенге биздин ЫМУ нун жалпы мугалимдер жамааты дайым даяр.