2023-жылдын 27-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Болочок мугалимдерди кесипке даярдоодону ɵнүктүрүүдɵ башталгыч билим берүүдɵгү инновациялык практикалар» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда Жалпы билим берүү ПЦК сынын окутуучусу Текебаева Г.М долбоордун программасы боюнча «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясынын негизинде жогорку деңгээлде мастер класс өттү. Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Э. Мамитимжанова жана Н. Исмаиловалар Окуу Керемет долбоорунун стратегияларынын негизинде жогорку денгээлдеги ачык сабактарын өтүштү. Сабакка райондук, шаардык Билим Берүү Башкармалыгы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынан жана USAIDдин “Окуу Керемет” долбоорунун Улуттук тренерлери катышып, баа беришти. Сабактар окутуучулар, студенттер үчүн дагы пайдалуу жана тажрыйбалуу болду.

отКолледж

Ноя 1, 2023

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *