Новости К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинде КРнын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Эне тил жана Ч.Айтматов » аттуу үч айлык жарлыгынын алкагында иш чаралар уланууда. Бүгүн»Башталгыч класстарда окутуу», » Чет тили» адистигинин студенттери шаарыбыздагы «Ысык-Көл» кинотеатрынан «Жамийла» кино тасмасын көрүп келишти. Ноя 1, 2023
Новости 2023-жылдын 27-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Болочок мугалимдерди кесипке даярдоодону ɵнүктүрүүдɵ башталгыч билим берүүдɵгү инновациялык практикалар» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда Жалпы билим берүү ПЦК сынын окутуучусу Текебаева Г.М долбоордун программасы боюнча «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясынын негизинде жогорку деңгээлде мастер класс өттү. Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Э. Мамитимжанова жана Н. Исмаиловалар Окуу Керемет долбоорунун стратегияларынын негизинде жогорку денгээлдеги ачык сабактарын өтүштү. Сабакка райондук, шаардык Билим Берүү Башкармалыгы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынан жана USAIDдин “Окуу Керемет” долбоорунун Улуттук тренерлери катышып, баа беришти. Сабактар окутуучулар, студенттер үчүн дагы пайдалуу жана тажрыйбалуу болду. Ноя 1, 2023
Новости 20-сентябрь ЫМУнун “Толкун” маданий эстетикалык борборунда Web-developer курсун ийгиликтүү аяктаган студенттер үчүн сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Атталган Web-developer курсу үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында башталып 8 айга созулган. Бул аралыкта ITтармагын нөлдөн баштап жогорку деңгээлге чейин үйрөнө алышты. IT компанияларга иштеп кете ала турган баардык жөндөмдөргө ээ болушту. Замандын талабына жооп бере турган кесиптерди студенттерге бергенге биздин ЫМУ нун жалпы мугалимдер жамааты дайым даяр. Ноя 1, 2023
Новости 5-октября в Колледж Иссык-Кульского государственного университета имени К.Тыныстанова с визитом приехала рабочая группа из Башкирского государственного педагогического университета им.М.Акмуллы.В рамках встречи проведены интересные лекции, дидактические игры а также круглый стол. Колледж ИГУ выражает огромную благодарность преподавателям БГПУ им.М.Акмуллы. Окт 10, 2023
Новости 5.10.23 күнү Колледжде студенттер окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты.Майрамда шаңдуу ырлар жаңырып ар бир окутуучуга Гүл берилди. Уюштуруучуларга чоң рахмат. Окт 10, 2023
Новости 4.10.23 күнү КАС-11,ТО-11,БИЭ-11,БД-12 тайпаларын Аскерге чейинки даярдык сабагынан Салибаев Н. Каракол шаарындагы Кызыл Ай коомунун тарыхы менен таанышуу жана жаракат алган адамга кантип биринчи жардам бериле тургандыгы жөнүндө Кызыл Ай коомунан маалымат алып келишти. Окт 10, 2023
Новости К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата «Инсандык өнүгүү» клубу тарабынан уюшулуп жаткан «Улуттун тилин улуу кор! » аттуу факультеттер арасында кароо-сынак болуп өттү. Колледждин окутуучусу Ордобаева Альбина жетектеген «Улут» командасы 2-орунга ээ болуп ырааазычылык баракчасын жана акчалай сыйлык алышты. Окт 10, 2023
Новости К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары салтанаттуу белгиленди!Майрамда окутуучулар ар кандай сыйлыктарга эээ болушту.Профсоюздар кыймылынын төш белгиси менен Касымбекова Ж.,Ардак грамота менен:Мырзаканова Н.,Турдумамбетова Г., Ыраазычылык кат:Чыныбаева А..сыйланышты. Окт 10, 2023
Новости 6-7-сентябрда Колледжде «Жаңы окуу жайына ыңгайлашуу» жумалыгынын алкагында 1-курстар үчүн маалыматтуу экскурсия болуп өттү. Сен 12, 2023