2024-жылдын 6-декабрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде 10-декабрь » Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо» күнүнө карата масштабдуу иш чара өткөрдү. Иш чарага КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бердибаев Р. Ж., Ысык-Көл облусунун ички иштер коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электен боюнча улук тескөөчүсү, милициянын майору Иманкулова А.С., Ысык-Көл -Нарын облустары боюнча аймак аралык Пробация департаментинин адиси Тыныбекова Э.Т., кыйноолорду алдын-алуу Улуттук борборунун жетекчиси Сарыбаев Т.К., окутуучулар Сооронбаева Ч.К. жана Малгараева Ж.А. катышып, студенттерге укуктары боюнча кенири маалыматтарды беришти. Студенттер укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында кызыккан суроолорун беришип, жооп алышты. Иш чара укуктук ачык аянтчада абдан маанилүү жана керектүү маалыматтар менен коштолду. Мындай иш чаралар ар бир студентке керек жана абдан зарыл экендигин айгинеледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *