2024-жылдын 10-декабрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин, Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар бөлүмүндө Педагогикалык практиканы жыйынтыктоонун алкагында “Мыкты практикант” деген аталыштагы конкурс болуп өттү. Конкурсту өткөрүү үчүн атайын жобо жана баалоо критерийлери иштелип чыгып, тайпаларга таратылган. Конкурс 4 турдук бөлүм менен өткорүлдү. Конкурстун эӊ кызыктуу жана көрсөтмөлүү тапшырмасы болуп, студенттердин практика учурундагы колдонгон көрсөтмө куралдарынын жарманкеси болду. Калыстар тобунун чечими менен конкурска катышкан практиканттар, Ректордун атайын l,ll,lll даражадагы дипломдору , «Ыраазычылык кат» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Жыйынтыктап келсек, иш чара студенттердин теориядан алган билимдерин практикада айкалыштыруу менен мектептен үйрөнүп келишкен сабак өтүүнүн усулдарын, ыкмаларын жана инновациялык технологияларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн, эӊ башкысы мугалимдик кесиптин ардактуулугун көрсөтүү максатында уюштурулду. Конкурс келечектеги мугалим болуучу Колледждин бардык студенттерине мыкты мотивация болду.
10 декабря 2024 года в рамках завершения «Педагогической практики» в колледже ИГУ имени К. Тыныстанова состоялся конкурс «Лучший практикант». Были разработаны и разосланы группам специальные правила и критерии оценки конкурса. Соревнования проводились в 4-тура. Самым интересным и поучительным заданием конкурса стала ярмарка наглядных пособий, используемых студентами во время практики. По решению жюри практиканты, принявшие участие в конкурсе, были награждены дипломами 1,2,3 степени и денежными премиями. На конкурсе было показано соединение теоретических знаний студентов на практике, методы преподавания и особенности использования инновационных технологий, а главное — показать часть педагогической профессии. Конкурс стал отличной мотивацией для всех студентов колледжа, которые в будущем станут преподавателями.