Месяц: Декабрь 2022

Мугалимдик иш – түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок аны менен катар эле сыймыктуу, ардактуу иш. Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, эрезеге жеткирген – бул МУГАЛИМ эмеспи. Мына ушул улуу кесиптин алгачкы кадамдарын аттай турган Колледждин педагогикалык адистиктеринин студенттерине мыкты иш тажрыйбалар менен бөлүшүп, көмөк көрсөтүп, педагогикалык практикагага багыт берүү максатында бир айлык уюштурулуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Айлыктын алкагында ЫМУнун доценти, драматург Асаналиева Кыял Айбашевна “Мугалимдин сүйлөө кеби”, ага окутуучу КМШнын “Мыкты педагог — 2022” сыйлыгынын ээси Бапа кызы Айнура “Математиканы окутуунун заманбап ыкмалары”, тренер Малдыбекова Бермет Качкыновна “Арт терапия жана баланын эмоционалдык абалын диагностикалоо, оңдоо үчүн сүрөт тестинин мүмкүнчүлүктөрү”, Каракол шаарынын №3 мектебинин мугалими Алиева Гүлзат Азимовна “Англис тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары”, №1 мектептин мугалими Коновалова Татьяна Васильевна Окуу керемет проектисинин негизинде “Ложь огромная как слон” деген темаларда ар түрдүү методикалык багытта семинар, мастер класс, тренингдерди өткөрүп беришти. Студенттердин практика өтүүдөгү ишине көмөк көрсөткөн бардык октуучу эжейлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин талбай эмгектенип топтогон иш тажрыйбаларыңыздардын үзүрүн жалпы өлкөбүздүн жаштары көрө берсин. Иш чаранын модераторлору Колледждин окутуучулары А. А. Түргөнбаева, З. З. Турдукеева, Абдырай кызы Нурзада.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Адабият күнүнүн алкагында Колледждин окутуучусу Түргөнбаева Айзада Абдыкеримовна КП-11 тайпасынын студенттери менен бирге “Жамийла” повести боюнча ачык талкуу сабагын жогорку деңгээлде өттү. Сабактын жүрүшү кызыктуу окуялар, маалыматтар, видео баяндар, ар тараптуу методикалык ыкмалар, интерактивдүү тапшырмалар, оюндар менен коштолуп, бардык баскычтар толук аткарылып, сабак максатына жетти.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата колледждин окутуучусу Ордобаева Альбина «Жамийла» повести боюнча ачык сабак өттү. Сабактын максатына жетүүчү каражаттар, принциптер жана методдор так аныкталып, окутуучунун иш аракети багыттуу болду. Ишине ийгилик каалайбыз!