16-декабрда колледждин окутуучусу Ордобаева Альбина Турусбаевна Кия-11 тайпасы менен «Ааламдын алпы-Чыңгыз Айтматов » деген темада тарбиялык саат өттү. Тарбиялык сааттын максаты ар бир студент Чыңгыздын чыгармаларынын жаралуу тарыхын, ошондой эле тарбиялык маанисин терең сиңирип билип алуу болгон. Сабак максатына жетип, бардык студенттер активдүү катышып белгилүү чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрсөтүштү. Навигация по записям Жалпы билим берүү ПЦКсында 1.12.22 күнү Кия-01 тайпасы менен окутуу Нурбекова Мыскал «Түндүк Америкага саякат» деген темада ачык сабагын өттү. Сабак жогорку деңгээлде, көрсөтмөлүү, кызыктуу өтүлдү. Мыскал сага ийгилик каалайм. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Адабият күнүнүн алкагында Колледждин окутуучусу Түргөнбаева Айзада Абдыкеримовна КП-11 тайпасынын студенттери менен бирге “Жамийла” повести боюнча ачык талкуу сабагын жогорку деңгээлде өттү. Сабактын жүрүшү кызыктуу окуялар, маалыматтар, видео баяндар, ар тараптуу методикалык ыкмалар, интерактивдүү тапшырмалар, оюндар менен коштолуп, бардык баскычтар толук аткарылып, сабак максатына жетти.