2021-жылдын 22-23-октябрь кундору ЫМУнун Колледжинин педагогикалык адистиктеринин студенттери жана Студенттик Кеӊеш менен биргеликте  Каракол шаарында жайгашкан “ϴрнөк” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна эки күндүк лагерь өкөрүп келишти. Иш-чара эки максатты көздөп,  биринчи максаты билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү окутууну ишке ашыруу болсо, экинчиси жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясынын негизинде нравалык тарбияны өнүктүрүү болду. 

Биринчи күнү студенттер ар кыл багыттагы кызыктуу оюндардын коштоосу менен сабактарды өтүп, балдар менен бирге ата-энелерге дагы көӊүл бөлүндү. Апалар арасында кызыктуу жарыш оюндарын өткөрүү менен студенттер кичине болсо да алардын маанайларын жазып, эс алуу тартуулашты. Ал эми иш-чаранын  экинчи күнүндө жалпы Колледждин студенттери мүмкүнчүлүгү чектелеген баладарга жана алардын апалары үчүн ыр, бий, оюн-зоок уюштуруп кечени жыйынтыкташты.  Акырыныда ата-энелер студенттерге болгон ыраазычылык сөздөрүн айтышып, реабилитациялык борбордун директору Ишенбекова Нургүл Турсунгазиевна  “Ыраазычылык катын” тапшырды. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *