2021-жылдын 29-октябрында Колледждин 9-класстын базасындагы тайпалар арасында Күз майрамынын алкагында “Алма Fest” конкурсу болуп өттү. 

Конкурстун максаты — Ысык-Көл областы алма өстүрүүгө өтө ыңгайлуу, жеринин шарты жана климаты дагы туура келгендиктен студенттерди өзүбүздүн жердин берекелүү байлыгы туурасында ар тараптуу маалыматтандыруу. Областтын келечектеги өнүгүшүндө алманын жашылдандырууга, бизнестин өөрчүшүнө, жаш муундарды эмгекке тарбиялоодо, экологиялык таза продукцияны өндүрүүдөгү ордун, ролун ачып берүү. Ошону менен катар тайпанын ичинде таланттуу, изденгич, чыгармачыл балдардын жөндөмдүүлүктөрүн ачууга көмөк көрсөтүү болду.

Конкурс төрт тапшырмадан туруп, биринчи тапшырмада студенттер алма өсүмдүгүнүн табиятын (пайда болуу тарыхы, түрлөрү, пайдалуулугу, колдонулуу чөйрөсү ж.б. ) толук ачып берүү менен ар түрдүү дубал газеталарды, китепчелерди жасашып,  театралдаштырылган оюндарды, обондуу ырларды, көркөм окууларды тартуулашты. 

Ал эми экинчи тапшырмада жободо көрсөтүлгөндөй алмадан жасалган ар түрдүү нерселерди, алмадан жасалган тамак аштарды, алманын сорттору боюнча көргөзмө уюштурушту. 

Конкурстун үчүнчү тапшырмасы “Күз фантазиясы” деп аталып күздүн штрихтери менен ар түрдүү кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Конкурс тайпалар тарабынан мыкты даярдыкта өтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу таасир, катышуучулар үчүн кийинки конкурстарга шык жаратты. 

Конкурстун жыйынтыгын чыгарыш үчүн көз карандысыз калыстар тобу шайланып жана алар тарабынан жыйынтык чыгарылып жеңүүчү тайпалар “Студенттер күнүндө” баалуу белектер менен сыйланышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *