2022-жылдын 18-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин жана Ысык-Көл областтык прокуратуранын кызматташтыгы менен «Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зомбулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюу» деген темада тегерек стол уюштурулду. Бул иш чарага ЫМУнун ректору Иманбаев А.А, Ысык-Көл областынын прокурорунун орун басары Насипов К.Ж. жана Ички иштер башкармалыгынын, укук коргоо, социалдык коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, ЫМУнун колледжинин студенттери, Юридикалык институтунун студенттери, Каракол шаардык орто мектептеринин окутуучулары, активисттери катышты. Тегерек столдо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка, зордук зомбулукка бөгөт коюунун жолдорун жана аларды алдын алуу боюнча иш чараларды күчөтүү, натыйжалуу иштерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Тегерек столдун жүрүшүндө уюштуруучу модератор областтын улук прокурору Калиев У.А. жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы боюнча маалымат берди. Иш чара кызыктуу, жемиштүү талкуу менен коштолуп, мындан ары мындай иш чара кеңири масштабда өтүүлүсү пландалды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *