ЫМУнун колледжинде «Шумкар» аскердик-патриоттук клубу жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо багытында чоң кадам таштады.
Биздин максат — күчтүү, кайраттуу жана мекенди сүйгөн жаштарды тарбиялоо! 🦅
Шумкар» аскердик-патриоттук клубу — бул жөн гана ийрим эмес. Бул — тартиптин, намыстын жана Мекенге болгон чексиз сүйүүнүн мектеби. Клубдун негиздөөчүсү, полковник Эрнис Сыртпаевичтин темирдей эрки жана тажрыйбасы астында жаштарыбыз чыныгы мүнөзгө ээ болушат.
🔥 Биздин формула: Билим + Тартип + Патриотизм!
Эрнис Сыртпаевич, Сиздин демилгеңиз — жалындаган жаш жүрөктөргө ташталган учкун. Ал учкундан өлкөбүздүн жаркын келечеги курулат.
Канатыңар талбасын, «Шумкарлар»! Алга!



