2024-жылдын 13-сентябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин «Маалыматтык технологиялар» ПЦКсы «Программистер күнүн» белгилешти. Иш чара ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Ж.Ш.Токтакуновдун куттуктоо сөзү менен баштап, IT тармагы дүйнөдөгү эң актуалдуу кесип экендигин белгиледи. ЫМУнун билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы С.Б.Акмолдоева жаш программистерди кесиптик майрамы менен куттуктап, студенттерге сапаттуу билим жана жаркын келечек каалады. Студенттерге ITнин ар бир багыты боюнча кеңири маалымат берилип, алар үчүн ар кандай тайпалык жана жеке конкурстар уюштурулду. Жыйынтыгында «COPY CODE» командасы 1-орунга, «BLACK FOX» командасы 2-орунга, ал эми «Стрела» командасы 3-орунга татыктуу болуп, командалардын ар бир катышуучусу ЫМУнун баалуу белектери менен сыйланышты. Ал эми жеке конкурстардын жыйынтыгы менен 1-орунду КПОВ-25 тайпасынын студенти Советалиев Нурсултан багындырып, А.Дүйшөбековдун «IT нөлдөн» курсунун 1 айлык окуу сертификаттына ээ болду. 2-орун үчүн КПОВ-32 тайпасынын студенти Дайыров Айтбек, 3-орун үчүн КПОВ-23 тайпасынын студенти Джуматаев Атай баалуу белектерди алышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *