2024-жылдын 2-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.А.Малгараеванын уюштуруусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы тарабынан «Ювеналдык пробация жана электрондук көзөмөл» темасында студенттерге лекция өткөрүлдү. Лекциянын негизги максаты өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоого бир нече эскертүүлөр айтылды. Лекциянын жүрүшүндө пробация органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан электрондук көзөмөл, тактап айтканда электрондук билерик жана мобильдик тиркеме боюнча да кеңири маалымат берилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *