Мугалим-бул чырак түндү жарыткан,
Өз милдетин аткарууга ашыккан.
Нечендеген студентке талыкпай,
Билим берип бул дүйнөнү тааныткан,- демекчи 09.10.2024 -жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде мугалимдер күнүнө карата студенттер кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Иш чара учурунда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.А.Малгараева сыйланды. Комуз,гитара менен ыр , бийлер коштолуп иш чара жогорку деңгээлде өттү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *