К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде уюштурулган “Таза коом-жаркын келечек” аттуу көргөзмө сынагында “Мыкты дубал гезити” номинациясы боюнча 2-даражадагы диплом жана 4000 сом акчалай сыйлык менен колледждин КПД-11 тайпасы, ушул эле номинация боюнча 3-даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык менен КП-21 тайпасы жана “ Мыкты видеоролик “ номинациясы боюнча 2-даражадагы диплом жана 4000 сом акчалай сыйлык менен КПД-21 тайпалары сыйланышты.