
Бул сынакка жалпысынан 11 команда катышып, алардын катарында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» жана «Чет тили» адистигинин КП-31, КП-32, КП-33, КИЯ-32 тайпалары ат салышып, ар бири өздөрүнүн билимдерин, чыгармачылыгын жана педагогикалык чеберчилигин мыкты деңгээлде көрсөтө алышты
Катышуучулар жободо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткарууда, өздөрүнүн
билимдери, терең ой жүгүртүүлөрү менен айырмаланып, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырышты
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
КП-33 тайпасы — Гран-прини багындырып, эң мыкты команда аталды
КП-32 тайпасы — татыктуу түрдө I орунду ээледи
КП-31 тайпасы — мыкты көрсөткүчтөрү менен II орунду багындырды. Бардык катышуучуларга, жетекчилерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз
Сиздердин эмгегиңиздер, аракеттериңиздер жана чыгармачылыгыңыздар — келечектеги мыкты мугалимдердин калыптанышына чоң салым болуп эсептелет
Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер жана жаркын жеңиштер күтүп турсун!
Ар дайым алдыга умтулуп, бийиктиктерди багынта берелик!
