2021-жылдын 16-октябрында ЫМУнун Колледжинде старосталардын жана активист студенттердин арасында жалпы жыйналыш болуп өттү. Жыйналышта эки негизги маселе талкууга коюлуп, студенттердин арасында кызыктуу баарлашуу болду. Биринчи маселе Колледждин 2021-2022-окуу жылындагы жүргүзүлүүчү тарбия иштеринин планы менен таанышуу болуп, бул маселе боюнча Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Түргөнбаева Айзада Абдыкеримовна студенттерге мотивация багытында видео ролик көрстүү менен жалпы планды презентация кылды. Быйылкы окуу жылында Колледждин окуудан сырткары иштери негизги төрт багытта жүргүзүлүп, кайсы учурда, кандай шартта өткөрүлөрү, ага кимдер жооптуу болоору тууралуу айтылды. Пландын Жаштар саясаты жана тарбиялык иштер бөлүгүндөгү Баӊгичиликтин алдын алуу жана ага каршы иштерди жүргүзүү, Гендердик, жыныстык тарбия багытында адистер менен студенттердин жолугушууларын уюштуруу, «Конок лектор», Кесиптик күндөрдү белгилөө, Маданий-массалык иш-чаралар бөлүгүндөгү «Биз таланттарды издейбиз» кароо сынагы, «Манас» жумалыгы, «Аалам аралаган алп жазуучу» деген темадагы айлык, «Таазим сага, аял зат» темасындагы жигиттер тарабынан уюштурулуучу иш-чара, Музей күнүнө карата өткөрүлө турган экскурсия, музей кечтери, 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү «Кайдыгер болбой кайрымдуу бололу», Дене тарбия, ден соолук жана спорт бөлүмүндөгү Улуттук спорт ондарынын түрү боюнча биринчилик, Колледждеги адистиктер арасында спорт оюндарынын түрү боюнча мелдеш өткөрүү ж.б. дагы көптөгөн иш-чаралар суденттер арасында кызыгууну туудуруу менен кызуу талкууга алынды жана кандай стилде өтүү идеяларын сунушташты. Пландан сырткары активисттер тарабынан жыл акырыныда жалпы колледждин окутуучулары, студенттери менен «Туристтик жүрүш», чыгармачыл студенттердин иштеринин ярмаркасын, ошондой эле Күз майрамынын алкагында «Алма Fest» фестивалын уюштуралы деген кошумча пикирлер айтылды.
Ал эми жыйналыштын экинчи маселесинде Колледждин Студенттик Кеӊеши 2021-2022-окуу жылындагы пландарын презентациялоо менен студенттерге мотивация багытында “Азия Кыргызстан — 2021” аталышындагы V Азиялык студенттик форумдун, Enactus проектисиндеги иш-чаралардын жана Жогорку Кеӊеште болгон экскурсиянын жүрүршүн баяндаган видео роликтерди көрсөтүштү.