2026-жылдын 21-апрелинде Социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКсында КТ-11, КТ-21 жана КТ-22тайпалары үчүн семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштуруучусу — «СанХаус Тим» ЖЧКсы. Семинарга төмөнкү адистер катышты:
аткаруучу директор Жапаров Айбек Жапарович,
Темирбекова Гульмира Касеновна — миграция боюнча улуттук эксперт,
Нуралиев Марат — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук боюнча тренери,
Керимбекова Гульсана — долбоорлордун координатору.
Семинардын темасы: «Финансылык коопсуздук жана коопсуз эмгек миграциясы».
Семинардын максаты:
Студенттердин укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле алдамчылык жана эмгек миграциясына байланышкан тобокелдиктердин алдын алуу.
Семинардын милдеттери:
-студенттерди заманбап финансылык алдамчылыктын түрлөрү менен тааныштыруу;
-акча каражаттарын коопсуз пайдалануунун негиздерин үйрөтүү.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
Финансылык коопсуздук:
-заманбап алдамчылыктын түрлөрү (интернет-алдамчылык, телефон аркылуу алдоо, фишинг);
-жеке маалыматтарды коргоо ыкмалары;
-жоопкерчиликтүү карыз алуу жана каржыны башкаруу.
Коопсуз миграция:
-чет өлкөдө ишке орноштуруунун негизги юридикалык аспектилери;
-мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери;
-чет өлкөдө жарандардын укуктарын коргоо.
Студенттер талкууга активдүү катышып, суроолорду берип, сунушталган кейстерди талдап чыгышты.
Өткөрүлгөн семинар студенттер үчүн актуалдуу жана пайдалуу болду. Алынган билимдер келечекте кеңири таралган каталардан сактанууга жана жеке, ошондой эле финансылык коопсуздукту жогорулатууга жардам берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *