24.11.2021 USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун негизинде Каракол шаарындагы №1 иновациалык гимназия мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери кичи-семинар өтүштү. Семинарга К.Тыныстанов атындыгы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин “Жалпы гуманитардык жана педагогика” колледжинин Пцкасынын окутуучулары барып катышып келишти. Семинарда башталгыч класстын мугалимдери стратегиялар боюнча ачык сабак өтүштү. Мекен таануу сабагы боюнча 4 “a” классында “Беккетер боюнча орун алмашуу”, 2 “б”-“в” класстарында адабий окуу сабагы болуп, “Көп деӊгээлдүү тапшырмалар”, “Предметтер менен тилди интеграциялап окутуу” стратегиялары колдонулуп, сабактар абдан кызыктуу болду. Семинардын аягында ата-энелер менен балдар биргеликте жасаган китепчелер көргөзмөсү болду. Бул семинарга катышкан мугалимдер сабакка керектүү көп маалымат алышты.