Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжи.
29–30-май күндөрү колледжибизде жаштардын турмушундагы эң унутулгус учурлардын бири — бүтүрүү аземи салтанаттуу жана таасирдүү белгиленди.
«Ак жол сага, бүтүрүүчү!» деген аталыштагы иш-чара жүрөк толкуткан көз ирмемдерге, кубаныч, ыраазычылык жана сыймык сезимдерине бай болду.
Салтанатка колледждин жетекчилиги, ПЦК башчылары, бүтүрүүчү тайпалардын кураторлору, ошондой эле конокторубуз— ата-энелер катышып, жаш бүтүрүүчүлөргө ак дилден чыккан куттуктоолорун жана келечекке болгон ак тилектерин айтышты.
Жогорку жетишкендиктери менен айырмаланган бүтүрүүчүлөргө колледждин директорунун атынан «мыкты студент» наамы жана грамоталар тапшырылды.
Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн — жаңы турмушка аттануу, келечекке багыт алуу күнү. Студенттик күндөрүн эстеп, аларга билимин аябай берип, дем-күчүн аябаган окутуучуларга, ар дайым жандарынан табылган досторуна жана колдоочу ата-энелерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Бүтүрүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ийгилигиңер жолдош болсун, бактыңар ачык болсун!
Жаңы турмуш сапарында дайыма бийиктикти көздөп, келечекке ишенимдүү кадам таштагыла!