“СЫЙМЫГЫМ — КЫРГЫЗСТАН” макеттер кароо-сынагы ийгиликтүү өттү!

2025-жылдын 12-майда, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжде 2-курс студенттери арасында Кыргызстандын географиясы сабагынан “СЫЙМЫГЫМ — КЫРГЫЗСТАН” аттуу макеттер кароо-сынагы окутуучу Нурбекова М.Н тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү!

Бул иш-чаранын негизги максаты — жаштардын мекенине болгон сүйүүсүн арттыруу, чыгармачылык дараметин ачуу жана биргеликте иш алып баруу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Ар бир команда өздөрүнүн макеттерин өзгөчө креатив менен даярдап, кызыктуу ырлар аркылуу тааныштырып беришти. Патриоттук сезимди ойготкон бул сынак катышуучулардын демин жана шыгын арттырды!

Жеңүүчүлөрдү колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Малгараева Ж. куттуктап, баалуу белектерин тапшырды.

Сынакка жигердүү катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдиребиз! Мекенибизди даңазалаган жаштар ар дайым биздин сыймыгыбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *