2023-жылдын 4-декабрынан 9-декабырына чейин Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин Социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКнын башчысы А.А.Сарбанова, окутуучулар Д.Т.Мусуралиева, Н.А.Мурзакановалар академиялык мобилдүүлүктүн алкагында А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумуна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессионалдык колледжине, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжине, М.Адышов атындагы ОшТУнун гуманитардык-техникалык колледжине, ОшМУнун финансы-юридикалык колледжине, ОшМПУнун педагогикалык колледжине жана Ош көп профилдүү колледждерине барып мобилдүүлүк боюнча келишимдерди түзүп жана студенттер үчүн «Счет жана кош жазуу», «Финансылык сабаттуулук», «Ишкердүүлүктүн негиздери» деген темаларда конок лекция өтүп келишти. Аталган окуу жайлар ыраазычылыктарын билдирип, сертификат жана ыраазычылык каттарды тапшырышып, окуу жайдын жамааты окуу жайлардын окуу корпустары, материалдык-техникалык базалары, жатаканалары менен тааныштырышты. Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун мобилдүүлүк менен Ош мамлекеттик университетине барган студенттерге жолугуп жатаканада бирге кечки тамактанышып алардын ой пикирлерин угушуп баарлашып кайтышты. Окутуучуларды жылуу тосуп алышкан жогорудагы окуу жайлардын директорлорунун орун басарларына, ПЦК башчыларына, мобилдүүлүк боюнча адистери-Ч.А.Касымкулова, З.М.Ахмедова, З.К.Баатыров, К.А.Исаковго жана өзгөчө ыраазычылык эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Ж.М.Ташалиевага билдиребиз. Навигация по записям Окуу керемет Специальности будущего: взгляды выпускников и работодателей.