2024-жылдын 29- февралында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинде Окуу Керемет долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан, » Башталгыч класстарда математиканы окутуунун эффективдүү стратегиялары» аталышындагы мини-семинар жана ачык-сабактар уюштурулду. Бул семинарга «Окуу керемет» долбоорунун Ысык-Көл областы боюнча координатору Т.С.Жанадилов , математика боюнча адиси А.М Аликова колдоо көрсөтүп жана байкоого иш сапары менен келишти. 9-класстын базасынын Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Шакен кызы Гульнара долбоордун программасы боюнча «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясы боюнча жогорку денгээлдеги ачык сабак өттү. Сабак студенттер үчүн да катышып отурган мугалимдер үчүн да абдан кызыктуу болду. Окуу Керемет долбоорунун математика боюнча тренери Бапа кызы Айнура окутуучуларга ылайыкталган мини-семинарды өтүп андан соӊ долбоордун математика боюнча адиси А.М Аликова алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *