Бүгүн 08.05.24-жылы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин директору ф.и.к.доцент Г.И.Абыласыновнанын демилгеси менен Жалпы билим берүү дисциплиналар ПЦКнын башчысы Ж.Т.Мейлиеванын жана окутуучулары тарабынан Каракол шаарынын колледждери аралык окуу процессин жакшыртуунун жана окуучуларыбыздын билим сапатын жогорулатуунун жолдорун талкулоо үчүн тегерек стол уюштурулду.
Биргелешип иш алып барсак, орто кесиптик окуу жайлар мындан дагы чоң натыйжаларга жетише алабыз. Тажрыйба алмашуу, окуу пландарын талкуулоо жана биргелешкен иш азыркы талаптарга жана студенттердин муктаждыктарына жооп бере турган окутуунун кыйла натыйжалуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Биргелешип иш алып баруу менен гана биз студенттерибизге мыкты билим жана келечектеги карьера үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү бере алабыз. Иш чарага И. Ахунбаев атындагы медициналык колледждин, И.Бийбосунов ат. педагогикалык колледжинин, #2,#14кесиптик лицейинин окутуучулары катышып, окуу пландарындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө ой бөлүшүүлөр, сунуштар айтылды. Иш чаранын жыйынтыгында мындан ары өз ара байланыштарды чындоо максатында чогуу иш алып баруу, алдын ала макулдашуулар сүйлөшүлдү. Иш чара өз максатына жетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *