30.10.2024 жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦК тарабынан» Педагогика» жана «Чет тили » адистиктеринде окуган студенттердин ата-энелери үчүн «Кыз адеби- кымбат, уул адеби- урмат»деген темада чогулуш болуп өттү.Ачылышы колледж тууралуу видеоролик менен коштолуп ,окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары,Студенттик уюмдун төрагасы ата-энелерге окуу,тарбия иштери ,студенттик уюмдун аткарып жаткан иштери тууралуу кенен маалымат беришти.Сабак берген окутуучу,кураторлор да сөз сүйлөштү. Дүйшөбеков Арген агайдын ата-энелерге арналган насаат- баяндары ата-энелерге да чоң мотивация болду.Жыйналыш колледждин ушул адистиктерде окуган таланттуу студенттердин аткаруусундагы концерттик номерлер менен аяктады.