2025-жылдын 15-январында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде «Коррупцияны алдын алуу иш чаралары» боюнча педагогикалык жамаатынын жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун максаттары:

  1. Колледждин педагогикалык курамын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы #137 Жарлыгынын негизинде жоболору менен тааныштыруу.
  2. 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда ЫМУнун колледжинин ролун талкуулоо.
    ЫМУнун Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Сулайманова Н.А Билим берүүдөгү коррупциялык иштерге аралашпоо жана массалык түрдө жок кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кыскача маалымат берди. Окутуучу Сооронбаева Ч.К. коррупциялык иштер боюнча «Кылмыш жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр» боюнча айтып өттү. Колледждин директору Абласынова Г.И. колледждин коррупциялык көрүнүштөрду алдын алуу боюнча иш чаралардын планын түзүү зарылдыгын белгиледи. Жарыш сөзгө Эшиева Т., Намазбеков Э. ж.б. сүйлөшүп ойлорун ортого салышты. Жыйынга 98 пайыз окутуучулар катышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *