Тегерек стол  «Кыргызстандын колледждеринде ЖОО (Жумуш ордунда окутуу) концепциясын ишке ашыруу: тажрыйба, көйгөйлөр жана перспективалар»

2025-жылдын 18-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде онлайн тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын максаты — ЖОО (Жумуш ордунда окутуу) концепциясын колледждерде ишке ашыруу тажрыйбасын талкуулоо, учурдагы көйгөйлөрдү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө болду.

Тегерек столго билим берүү тармагындагы адистер катышты:

– Исаков Нургазы Жолболдуевич – ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин директору, э.и.к., доцент;

— Исаков Кубанычбек Абибилаевич — ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин директордун окуу иштери боюнча орун басары, э.и.к.;

– Кутманалиева Динара Орозбековна – Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институнун окутуучусу;  

-Акматова Рахат Ислановна — Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институнун директордун окуу иштери боюнча орун басары,

 – Касымкулова Чинара Амангельдиевна – А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун өкүлү;

— Мукашева Махабат Сейдакматовна — А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун бөлүм башчысы;

– Курманбекова Айгөкүл Курманбековна – Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин методисти;

-Чимчикова Майрам Камчибековна – И.Раззакова атындагы КМТУнун «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын башчысы т.и.к.доцент;

– Ткачёва Бермет Темирбековна – КМТУнун  Разаков атындагы колледжинин өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары;

– Яремчук Наталья Дмитревна – Ош көп тармактуу колледжинин практика бөлүмүнүн башчысы.

Катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ЖОО концепциясынын билим берүү процессиндеги маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча сунуштар айтылды.

ЖОО – кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карай олуттуу кадам!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *