📑Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде финансылык сабаттуулук боюнча конок лекция өттү

📃2025-жылдын 17-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү – тобокелдиктерди башкаруучу Адам Бейшеналы жана персонал менен иштөө жана байланыштар бөлүмүнүн башкармасы Айдар Сүйүндүкович Олжобаев – студенттер үчүн “Глобалдуу акча жумалыгы алкагында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу” темасында конок лекция өткөрүштү.

📌Иш-чара учурунда финансылык сабаттуулук, акча каражаттарын туура башкаруу жана жеке финансылык коопсуздук боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Студенттер активдүү суроолорду беришип, лекторлор тараптан кеңири жоопторду алышты. Лекция соңунда интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, активдүү катышкан жана туура жооп берген студенттерге белектер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *