2025-жылдын 25-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата, Каракол шаарындагы аскердик чек ара бөлүктүн машыгуу жайында колледж студенттеринин арасында аскердик-патриоттук оюндар өткөрүлдү.

Иш-чара 4 этаптан туруп, студенттер өздөрүнүн аскердик даярдыгын, команда менен иштөө жөндөмүн жана патриоттук духун көрсөтүштү.

Жыйынтыгында:

Жеке биринчиликте эң мыкты команда аныкталып, команданын мүчөлөрү дипломдор менен сыйланды.

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин командасы 1-орунду багынтып, жеңиш дипломуна ээ болушту!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *