Окутуучулардын укуктары боюнча семинар!
2025-жылдын 15-16 сентябрында ЫМУнун Колледжинин окутуучусу Борончиева Гулнара Кыргыз республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги уюштурган “Окутуучулардын эмгек укуктары жана мыйзамдык корголушу” багытында Тон районунун «Красная гвоздика» эс алуу борборунда өткөн семинарга катышып келди.
📚 Семинар учурунда билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктары, социалдык кепилдиктери, кесиптик бирликтин орду жана укуктук маселелер боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Катышуучулар тажрыйба алмашуу жана укуктук суроолор боюнча кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты.
📒 Семинардын жыйынтыгында Борончиева Гулнара сертификатка ээ болду жана алган билимин кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга даяр.
👩🏫 Мугалимдин укугу – билимдүү муундун кепилдиги!

