30.09.2025 Чет тилдери кафедрасынын окутуучусу Токтосунова А.С жана КИЯ-22 тайпасынын студенттери менен биргеликте АКШ элчилигинин өкүлдөрү Emily Weismiller,Miguel Marino, Kaveh Amirfasy, John Derhak менен «Америкалык Бурчта»жолугушуу өткөрүштү.Бул жолугушуунун алкагында «Менин хоббим.Эмне үчүн англис тилин үйрөнгүм келет?» деген темада дүйнөлүк тил болуп эсептелинген англис тилинде эркин баарлашуу жана тайпаларга бөлүнүп ,ар түрдүү оюндар ойнотулуп жагымдуу маанайда өттү.Соңунда жеңүүчүлөргө белектер берилип, достук иретинде сүрөткө түшүү менен аяктады.