Бүгүн 09.10.25 ЫМУнун колледжинде Ысык-Көл облусттук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук прокурору Такырбашов Эмил Кубанычбекович “Жаш өспүрүмдөр үчүн тарбиянын мааниси-прокурордун көз карашынан,мекенге пайдалуу инсан болуу-бүгүнкү аракеттен башталат” темасында студенттер үчүн кызыктуу лекция өттү. Бул иш-чаранын максаты балдарды укук бузуулардан коргоо, алардын укуктук аң-сезимин бекемдөө ошондой эле билимге , маданиятка жана коомдук жоопкерчиликке түрткү берүү.
Аталган иш-чарада прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат берилип, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооптор узатылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *