2025-жылдын 16-октябрында Социалдык-экономикалык бөлүмдүн ПЦКсынын башчысы Дунганаева Г.А. жана окутуучу Тюлебердиева С.Ш. жетекчилиги астында КТ-21 жана КТ-22 тайпаларынын студенттери Пристань айылында жайгашкан Н.М. Пржевальский атындагы музейге билим берүү максатындагы экскурсияга барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер улуу саякатчы Николай Михайлович Пржевальскийдин өмүр жолу, анын Борбордук Азия боюнча жүргүзгөн экспедициялары, географиялык ачылыштары жана жаратылышты изилдөө тармагындагы зор эмгектери тууралуу кеңири маалымат алышты.
Соңунда студенттер Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды терүү аркылуу айлана-чөйрөнү таза кармоо акциясына да катышышты.
Бул иш-чара студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, тарыхка жана туризмге болгон кызыгуусун арттырды, ошондой эле мекенди сүйүүгө жана жаратылышка аяр мамиле кылууга тарбиялады.
