К. Тыныстанов атындагы колледждин студенттери менен биргеликте 1999–2000-жылдардагы Баткен окуясынын курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүүгө арналган “Эрдик сабагы” өткөрүлдү.

Иш-чарага Баткен окуясынын ардагерлери — майор Салибаев Н.К. жана улук прапорщик Малаев Т.Ш., ошондой эле Алгачкы аскердик даярдык предметинин окутуучулары майор Асаналиев А.Ж. жана юстициянын полковниги Намазбеков Э. катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер Баткен окуясынын тарыхы тууралуу кеңири маалымат берип, студенттерге насаат сөздөрүн айтышты. Ошондой эле жаштарды аскер-патриоттук рухта тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн майор Асаналиев А.Ж. ардагерлер тарабынан ардак медаль менен сыйланды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *