Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин Социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Д.Т.Мусуралиеванын жетекчилиги астында 2025-жылдын 28-октябрында БД-21, БД-22, БиЭ-22, БиЭ-21 жана КНН-21 тайпаларынын студенттери Элдик Банкка барып келишти.
Сапардын максаты — студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана Эл аралык үнөмдөө күнүнө арналган иш-чарага катышуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер акчаны туура пайдалануу, үнөмдөөнүн мааниси жана сакталып турган каражаттарды башкаруунун заманбап ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Банк кызматкерлери студенттердин суроолоруна жооп берип, пайдалуу кеңештерин беришти.
Банк кызматкерлери студенттер үчүн викторина уюштурушуп, финансылык темадагы суроолорго жооп берген студенттерди белектер менен сыйлашты.




