К.Тыныстанов атындагы Ысык-
Көл мамлекеттик университетинин колледжинде
билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана
студенттердин профессионалдык көндүмдөрүн
калыптандыруу максатында жигердүү иштер жүрүп
жатат. Бул багыттагы кезектеги кадам катары,
колледждин студенттери үчүн академиялык
мобилдүүлүк программасы старт алды.
Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттерге башка окуу жайлардын билим берүү
чөйрөсү менен таанышууга, тажрыйба алмашууга
жана алган билимдерин терендетүүгө мүмкүнчүлүк
берет. Программа үстүбүздөгү жылдын 9-февралынан 28-февралына чейин созулат. Бул иш чараны колледждин тажрыйбалуу окутуучусу
Д.Т.Мусуралиева жетектеп, студенттердин окуу
процессине жана адаптация болушуна көмөк көрсөтүүдө.
Бул программанын алкагында төмөнкү студенттерибиз КИЯ-21 тайпасынан Н. Асакеева,
А. Усенкулова А, КИЯ-22 тайпасынан А.Абдылдаев , А.
Карабаева жана КПОВ-21 тайпасынан А.
Талантбекова Бишкек инновациялык колледжинде жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик
техникалык университетинин КОББ колледжинде билимин улантып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк
алышты.
Суденттер Бишкек шаарындагы заманбап
технологиялар жана инновациялык методдор менен жабдылган окуу жайларда билим алуу менен бирге,
төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болушат:
- Жаны окуу программалары жана методикалар менен таанышуу;
- Өз кесиби боюнча практикалык көндүмдөрдү
арттыруу; - Башка региондордон келген студенттер менен достук жана кесиптик байланыштарды түзүү.
Академиялык мобилдуулук — бул жөн гана башка окуу жайда окуу эмес, бул студенттин өзүнө болгон ишенимин арттырган жана келечектеги карьерасына
жол ачкан чон мүмкүнчүлүк.


