Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, 31-январдан 6-февралга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнө кубогу өттү. Мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 1500дөн ашуун спортчу катышты.

Бул турнирде Кыргыз улуттук кол күрөш федерациясынын кадеттер, юниорлор, жаштар, сеньорлор жана мастерлер арасындагы улуттук курамасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Кыргызстандын спортчулары жалпы 65 медаль — 28 алтын, 25 күмүш жана 12 коло байге утушту.
Алардын арасында ЫМУнун колледжинин КИЯ-22 тайпасынын студенти Өмүрбекова Алтынай дагы бир ирет дүйнө чемпиону аталып, бизди кубандырып турган чагы. Азаматсың, Алтынай!
Студенттик алтын доордо чемпиондук титулга ээ болуу -чоң сыймык. Окууда алдыңкы, спортто чемпион болуп, эки тизгин, бир чылбырды бекем кармап, максаттарыңа жете беришине тилектешпиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *