1.04.2026 КР Юстиция министирлигине караштуу Пробация депатаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жана колледждин аскерге чейинки баштапкы даярдык боюнча окутуучусу Э.С. Намазбеков менен биргеликте К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин 1-2-курстарынын студенттери үчүн лекция болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Пробация департаментинин ишмердүүлүгүнүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттары кеңири түшүндүрүлдү:

  1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу: студенттерге КР мыйзамдарынын ченемдери, коргоо ордерлери жана агрессорлор менен иштөөдөгү пробация органдарынын ролу тууралуу маалымат берилди.
  2. Электрондук көзөмөлдү колдонуу: аралыктан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү (электрондук билериктер) көрсөтүлдү. Бул жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуунун инновациялык ыкмасы катары чоң кызыгууну жаратты.
  3. Ювеналдык пробация: жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул студенттерди укуктук тарбиялоого жана алардын мыйзамсыз иштерге аралашуу тобокелдиктерин азайтууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *