2026-жылдын 1-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде «Башталгыч класстарда окутуу» адистигине байланыштуу мазмундуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары, студенттер, Ысык-Көл облустук билим берүү институтуна квалификациясын жогорулатуу үчүн келген облус боюнча жана Каракол шаарынын башталгыч класстарынын мугалимдери катышып, өз ара тажрыйба алмашуу аянтчасы түзүлдү.
Бул күндүн өзгөчөлүгү — студенттер өздөрү даярдаган сабактарды жандуу форматта көрсөтүп, алган теориялык билимин практикалык ишке айланта алгандыгын далилдешти. Ар бир сабак жаңычыл ыкмалар, оюн элементтери жана заманбап методдор менен коштолуп, көрүүчүлөргө шыктануу тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу планы талкууланып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган сунуштар айтылды. Мугалимдер менен студенттер ортосундагы пикир алышуу кесиптик өнүгүүгө жаңы дем берип, биргелешкен педагогикалык коомчулуктун күчүн дагы бир жолу тастыктады.
Бул күн — келечектеги мыкты мугалимдердин калыптанып, чыгармачыл идеялардын жанган күнү болду!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *