2026-жылдын 10-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» жана «Чет тили» адистигинин КП-31, КП-32, КП-33, ошондой эле КИЯ-31, КИЯ-32, КИЯ-33 тайпаларынын квалификациялык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш-чара студенттердин бир айлык практикалык ишинин жыйынтыгын чыгаруу, алардын педагогикалык компетенцияларын, усулдук даярдыгын жана сабак берүү көндүмдөрүн көрсөтүү максатын көздөдү.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда өткөн сабактарынан кыскача фрагменттерди көрсөтүп, өздөрүнүн окутуу методдорун, колдонгон жаңычыл педагогикалык ыкмаларын жана баалоо инструменттерин презентациялап беришти. Ар бир студент даярдаган сабактары аркылуу предметтик билимин, классты башкаруу жөндөмүн, окуучулар менен иштөө маданиятын жана окутуунун заманбап технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн далилдеп көрсөттү.
Иш-чаранын атмосферасы чыгармачылыкка, тажрыйба алмашууга жана профессиялык өсүүгө багытталды.
Жыйынтыктоочу конференция студенттердин кесипкөйлүккө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктап, алардын педагог катары калыптанып жатканын айкын көрсөткөн маанилүү иш-чара болду. Колледждин администрациясы, практика жетекчилери жана катышкан окутуучулар студенттерге ийгиликтерди каалап, алган билимин мектеп практикасы менен айкалыштырып, келечекте мыкты мугалимдерден болушуна тилектеш экендерин билдиришти.





