Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжине ички мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу максатында Кадырбай Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинен 1 окутуучу жана 4 студент келип, окуу-практикалык иш-чараларга катышууда.
Алардын ичинен 2 студент «Чет тили» адистигинен, ал эми 2 студент «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинен.
Ички мобилдүүлүк программасынын алкагында тарых мугалими Бабаканова Жылдыз Жусуповна «7-апрель – тарых жана бүгүнкү күн» аттуу темада конок лекциясын өттү. Лекциянын жүрүшүндө 7-апрель окуясынын тарыхый мааниси, анын себептери жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кеңири маалымат берилип, студенттер менен кызыктуу талкуу уюштурулду.
Иш-чаранын соңунда конок лекторго ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындай кызматташтык билим берүү сапатын жогорулатууга, достук мамилелерди бекемдөөгө жана кесиптик өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Конокторубузга терең ыраазычылык билдиребиз жан

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *