2026-жылдын 21-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин КП-21, КП-22, КПОВ-22, КД-21, БИЭ-21 жана КГР-21 тайпаларынын студенттеринин катышуусунда өзгөчө мазмундуу жана таасирдүү иш-чара болуп өттү. Иш-чара Жеңиш паркында уюштурулуп, улуттук рухту даңазалаган унутулгус күндөрдүн бири катары эсте калды.
Студенттер улуу “Манас” эпосунан, анын ичинде “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгүнөн үзүндүлөрдү көркөм айтып беришип, өздөрүнүн чеберчилигин, сөз байлыгын жана сахна маданиятын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Манас айтуу аркылуу алар кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын терең ачып берип, угармандардын зор кызыгуусун жаратты. Иш-чара Манас айтуу менен гана чектелбестен, ачык асман алдында улуттук оюн-зооктор уюштурулду. Мындан тышкары, каада-салттар жана үрп-адаттар сахналаштырылып, ата-бабалардан калган мурастар жандуу түрдө көрсөтүлдү. Бул көрүнүштөр студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулап, биримдикти, патриоттук сезимди жана улуттук сыймыкты бекемдеди.
Иш-чараны даярдап, жетектеген окутуучулар — Ордобаева Альбина жана Сагынбаева Айданалар болду.



