К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин «Чет тилин окутуу» адистигинин биринчи курсунун студенттерине Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин мыкты мугалимдеринин бири Д.И. Калдыбаева чет тили сабагы боюнча мастер класс өттү. Сабакта темага ылайык көрсөтмө куралдарды колдонуу менен англис тили дүйнөлүк тил болгондугуна байланыштуу ,бүгүнкү күндө чет тилин билүү абдан актуалдуу экендигин баса белгиледи . Студенттер ыраазчылыгын билдиришип , эжейдин ишине ийгилик каалоо менен мындан ары дагы ушундай мастер класстарды көбүрөөк өтүүсүн суранышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *