К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин бүтүрүүчү курстагы студенттерине Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин мыкты окутуучуларынын бири Маденова Марина Турдубековна адабий окуу сабагы боюнча мастер класс өттү. Темага ылайык жана чыгармачыл ой жүгүртүү менен даярдалган көрсөтмө куралдар студенттердин эле эмес колледждин окутуучуларынын да кызыгуусуна арзыды. «Мыкты мугалим болуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек» деген маселенин тегерегинде мыкты насааттары менен бөлүшүп, келечекте өз ишин ардактап сүйгөн кесипкөй адистердин дагы көбөйүшүнө шарт түзүп берди. Марина Турдубековнанын берген маалыматтары, үйрөткөн ыкмалары, бөлүшкөн тажрыйбасы студенттердин билим куржунун толтуруп, өз тармагындагы ийгиликтүү адис болооруна шыктандырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *