Колледждин Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар бөлүмүндө Педагогикалык практиканы жыйынтыктоонун алкагында “Практикант – келечектеги компетенттүү адис” деген аталыштагы сынак -конференциясы болуп өттү. Сынакты өткөрүү үчүн атайын жобо жана баалоо критерийлери  иштелип чыгып, тайпаларга таркатылган. Жалпысынан сынактын программасында төмөндөгүдөй беш тапшырма берилген: биринчи Команданын таанышуусу (визиттик карточка). Бул тапшырмада практиканттар мугалимдик кесиптин жүзүн, мугалимдин имиджин көрсөтүштү. Экинчи тапшырмада интеллектуалдык, логикалык, кырдаалдык суроолор берилди. Үчүнчү тапшырма мугалим көп кырдуу талант ээси  болушу керектигине байланыштуу “ϴнөрүӊ болсо өргө чап” деп аталып,  командалар шык-өнөрүн тартуулашты. Ал эми  төртүнчү тапшырмада практиканттар сабактын ар түрдүү баскычтарынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Конкурстун эӊ кызыктуу жана көрсөтмөлүү тапшырмасы болуп, студенттердин практика учурундагы колдонгон көрсөтмө куралдарынын жарманкеси болду.

Конкурска педагогика багытындагы экинчи курстардын КП-21, КП-22, КИЯ-21 тайпалары катышышты. Бул конференциянын өзгөчөлүгү облус аймагындагы ЫМУ менен кызматташ иш берүүчү тараптар дагы чакырылып, алар  конкурстун жүрүшүн баалап, калыстык кылып, жыйынтык чыгарып беришти. Калыстар тобунун чечими менен КП-22 тайпасы 1-орун, КП-21 тайпасы 2-орун, КИЯ-21 тайпасы 3-орунга ээ болуу менен Ректордун атайын дипломдору менен сыйланышты. Мындан сырткары Педагогикалык практика учурунда көрсөткөн мыкты жетишкендиктери үчүн алдыӊкы практиканттарга окуу жайдын “Ыраазычылык баракчасы” дагы тапшырылды.

Жыйынтыктап келсек, иш чара студенттердин теориядан алган билимдерин практикада айкалыштыруу менен мектептен үйрөнүп келишкен сабак өтүүнүн усулдарын, ыкмаларын жана инновациялык технологияларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн, эӊ башкысы мугалимдик кесиптин ардактуулугун көрсөтүү максатында уюштурулду. Сынак келечектеги мугалим болуучу Колледждин бардык студенттерине мыкты мотивация болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *